Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан таңдандыруу, аябай таң калтыруу, өтө таңыркатуу. - Дал Фрунзенин өзүндө Нурийла экөөңдүн тоюңда атайын ага арнап ырдап, далайдын оозун ачырам, алаканын жыртам (Бейшеналиев). Мал аркасы менен далайдын оозун ачырып, далайдын кулагын делдейткен (Осмоналиев). -Тигил үйдө Кашгары ырчы сонун ырларды комузуна кошуп ырдап... боорубузду эзип, оозубузду ачырды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан таңдандыруу, аябай таң калтыруу, өтө таңыркатуу. Нурийла экөөңдүн тоюңда атайын ода арнап ырдап, далайдын оозун ачырам, алаканын жыртам (Бейшеналиев). Мал аркасы менен далайдын оозун ачырып, далайдын кулагын делдейткен (Осмоналиев). – Тигил үйдө Кашгары ырчы сонун ырларды комузуна кошуп ырдап боорубузду эзип, оозубузду ачырды (Бейшеналиев).